Биз жөнүндө

Биз жөнүндө

Артыкбаев Качкынбай — сынчы, илимпоз, адабиятчы, акын, публицист, котормочу, устат педагог. 1934-жылы 15-декабрда Москва районунун Кепер-Арык айылында туулган. 1956-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1966-жылы филология илимдеринин кандидаты деген окумуштуулук даражага ээ болуп, 1983-жылы докторлук диссертациясын жактаган.

Эмгек жолун 1956-жылы «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы болуп иштөөдөн баштаган. 1959–1961-жж. «Ала-Тоо» журналынын сын бөлүмүнүн башчысы. 1961–1967-жж. Кыргызстан мамлекеттик басмасында көркөм адабият редакциясынын башчысы, 1967-жылдан Кыргыз Мамлекеттик университетинде: улук окутуучу, доцент, профессор болуп эмгектенүүдө. 1976–2007-жж. отуз жыл бою кыргыз адабияты кафедрасын башкарган, 1970–1974-жж., 1989–1991-жж. Кыргыз филологиясы факультетинин деканы болгон.

Мамлекеттик мекемелерде, уюмдарда коомдук башталыштагы ондогон кызматтарды аткарган: Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Улуттук Аттестациялоо Комиссиясынын президиум мүчөсү (1992–2002), КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү (1989–1999), «Кыргызстан маданияты» гезитинин редколлегия мүчөсү (1968–1992), Кыргыз ССР жогорку окуу жайлар министрлигинин илимий-методикалык советинин, Кыргыз ССР агартуу министрлигинин илимий-методикалык советинин кыргыз филологиясы секциясынын төрагасынын орунбасары, Кыргыз тили коомунун президиум, «Кыргызстан», «Мектеп», «Адабият» басмаларынын редакциялык советтеринин, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу комитетинин мүчөсү катары эмгектенди.

К.Артыкбаевдин жетекчилиги менен филология илиминин 13 кандидаты өсүп чыкты. К.Артыкбаевдин адабий сынчылык ишмердиги жөнүндө кандидаттык диссертация белгилүү адабиятчы, сынчы С.Карымшаков тарабынан корголду.

К.Артыкбаев 600дөй илимий, публицистикалык макалаларды жарыялаган. Алардын тизмеси КР улуттук китепканасы 2004-жылы жарыялаган «Качкынбай Артыкбаев» деген библиографиялык көрсөткүчтө (130 б.) берилген.

Адабий сын макалаларын, ырларын студент кезден эле жарыялай баштаган. «Чалгын» аттуу алгачкы китеби 1962-жылы жарык көргөн.

Автор Р.Гамзатовдун, М.Миршакардын ырларын, поэмаларын, чыгыш классиктери Ж.Баласагындын, Мырза Шафинин ж.б. поэзиясын кыргыз тилине которгон.

1958-жылдан СССР Журналисттер, 1962-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү. Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Ардак белгиси» ордени, «Эмгек ветераны» медалы, «Даңк» медалы, «Эмгек мелдешинин жеңүүчүсү», мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси, КПСС БКнын, СССР Министрлер Советинин, ВЦСПСтин, ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын, Маданият министрлигинин, редакциялардын Ардак грамоталары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын Коомдук илимдер академиясынын академиги (1992), Эл аралык Айтматов атындагы академиясынын ардактуу академиги (1999) болуп шайланган. СССРдин эл агартуусунун, Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги.

«Кыргыз Совет адабиятынын тарыхы» китеби, «Аалы Токомбаевдин акындык чеберчилиги», «Кубанычбек Маликовдун чыгармачылыгы» монографиялары үчүн, Кыргыз Республикасындагы илим жана техника тармагындагы Мамлекеттик сыйлыкка ээ болуп, КМУнун Ж.Баласагын атындагы сыйлыгы ыйгарылган.

Мектептин тарыхы

К. Артыкбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектеби Чүй облусунун Москва районундагы Кепер-Арык айылында 1928-жылы Кызыл мектеп болуп  негизделген. Мектептин аты кыргыз филалогиясынын сынчысы , илимпоз, адабиятчы, акын, публицист, котормочу, устат педагог Качкынбай Артыкбаев ысымынан коюулган. Мектептин экинчи корпусу 1950- жылы улап салынды.

Мектеп 1928-2009 –жылга чейин “Буденный орто мектеби” деген аты менен 160  жакын жана 17-19 мугалимдердин жамааты менен иштешкен.

2009-20018 жылга чейин мектептин аты “К. Артыкбаев орто мектеби” деген аталышы менен 19 мугалимдердин жамааты 160 ка  жакын окуучуларга билим беришкен.

2018-жылдан баштап мектептин статусу, аты “ К. Артыкбаев атындагы жалпы орто  билим берүүчү мектеби “ деп которулду. 201Мектептин мугалимдер жамааты 19 ,майда чарба иштер боюнча кызматкерлер-10 жана окуучулардын саны 149 окуучу.

Биздин мектеп Москва районундагы биринчи мектеп болгондуктан , интернат мектеп болгон . Райондогу кээ бир окуучулары алыс айылдан келип  интернатына  жатып  окушкан.Ал убактарда мектепте  сабактардан кийин продленка  бар болчу.

Мектептен атактуу, белгилүү  адамдар чыккан. Аларга мисал келтирсек, Ж.Балагын  атындагы  Кыргыз Улуттук Университетинин  кыргыз  тили жана  адабияты  кафедрасынын  профессору Закиров  Сапарбек, тарых  илимдеринин  кандидаты  Кыргыз  Улуттук  университеттин профессору Омуркулов  Муканбеткалый,филалогия илиминин кандитаты Эсенгелдиев С.Э, Кыргыз Эл Жазуучусу Асанбек  Стамов,  генерал-лейтенант Асанкулов  Джумабек ж.у.с.

Мектеп типтүү мектептин катарына кирбесе дагы касиеттүү ,бөлмөлөрү жарык, тоолуу аймакта жайгашкандыгына байланыштуу абасы таза жана суусу тунук. Мындай шарттар окуучуга толук кандуу билим алууга мүмкүндүк берет

 

Мектептин  концепциясы

Өзүнүн жана жалпы коомдун жашоосунун сапатынын үзгүлтүксүз жогорулашын камсыздай ала турган атаандаштык, турмуштук жана кесиптик жактан ыкчамдуу инсанды калыптандырууга багытталган мектептин окуучуларынын билимдеринин заманбап сапатын камсыз кылуу.

 

Мектептин  миссиясы

Мектеп толеранттуу, ар тараптан  өнүккөн , алган  билимдерин  турмушта  колдоно  билген жана заманбап  санараптик билим берүү чөйрөнү билген   ийгиликтүү  инсандын калыптанышы үчүн шарт түзөт.

К. Артыкбаев атындагы  жалпы  орто  билим берүү мекеме болуу  менен бирге ,башталгыч, негизги  жана  жалпы  билим  берүүгө  багытталат. Ата-энелер, коомчулук  менен тыгыз байланышта  иштөө  менен азыркы коомдо  натыйжалуу  иштөөгө жөндөмдүү,жашоодо өз ордун  таба  билген,  ар тараптан  өнүккөн,учурдун  талапбына  ылайык,  компетенттүү, техниканы  колдоно ала турган  инсанды тарбиялоо.