Мектептин окуучуларынын кеңеши

Окуучулардын коомдук активдүүлүгү

 Мектепте ар бир баланын коомдошуусун камсыз кылган ѳз алдынча башкаруу системасы иштейт. Окуучулардын мектептик Кеңешине 8-11-класстын окуучулары кирет. Окуучулардын Кеңеши чыгармачылык иштердин демилгечиси болуп эсептелет жана класстык окуучулук Кеңештердин иштерин багыттайт.

Мектептик ѳз алдынча башкаруу – ар бир окуучу ѳзүнүн орунун аныктай ала турган, ѳзүнүн мүмкүнчүлүктѳрүн жана шыктарын кѳрсѳтүп колдоно ала турган бирдиктүү жана ѳз алдынча жашоонун ѳтүшүнүн режими. Балдардын коллективинин активдүүлүгүнүн ѳсүшү үчүн чоңдордун жана балдардын ѳз ара мамилелеринин стили чечүүчү ролду ойнойт. Бул жерде балдардын күчүнѳ ишенүү, алардын демилгелерин, ѳз алдынча ишмердүүлүгүн максималдуу колдонууга жана ѳнүктүрүүгѳ умтулуу, коллективдин жашоосундагы бардык маселелерди чечүүдѳгү алардын ѳз алдынчалуулугун тарбиялоо.

Окуучулардын ѳз алдынча башкаруусу балдардын жана педагогдордун ѳз ара байланышын сѳзсүз түрдѳ талап кылат.  Балдар чоңдордүн жардамына муктаж, ѳзгѳчѳ эгерде аларда ѳз ара мамилелердин кѳйгѳйлѳрү болсо. Психологиялык билимдерге ээ жана педагогикалык тажрыйбага ээ педагог ѳз убагында коллективдеги конфликти алдын ала токтото алат, баланын ишмердүүлүгүн туура жакка багыттап, балага кѳйгѳйлѳрүн чечүүдѳ, ѳзүнүн ордун бекемдѳѳдѳ  жардам бере алат. Бала үчүн жумушту жасабай жардам гана берет, болбосо балдар ѳзүнүн кызматына формалдуу мамиле жасап калышат. Балдар иш жүзүндѳ  жумуштун белгилүү бѳлүктѳрүндѳр уюштуруучу болушу үчүн аларга жѳн гана укукту берип коюу жетишсиз, аларды ѳздѳрүнүн милдеттерин аткарууга жана ѳзүнүн укуктары менен колдонууга үйрѳтүү зарыл. Ата-энелер комитети тарабынан дагы колдоо кѳрсѳтүлѳт жана ар кандай жардам берилет. Мектепте аталардын Кеңеши түзүлѳт

 

ОКУУЧУЛАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ ЖАНА УКУКТАРЫ

  • Окуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
     — жалпы билим берүү уюмун ар кайсы этабына окууга кирүүгө жана билим
    алуунун таризин тандоого;
     — мамлекеттик билим берүү стандарттарынын деңгээлинде милдеттүү жана
    акысыз жалпы башталгыч, жалпы негизги жана акысыз жалпы орто билим
    алууга;
     — кошумча билим берүү кызматын, анын ичинде акы төлөнүүчү да таризде
    алууга;
     — жалпы билим берүү уюмунун китепканасынын, маданияттык-спорттук
    жана өндүрүштүк базасын пайдаланууга;
     — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу
    органдары аныкташкан тартиптер боюнча бекер тамактанууга жана
    медициналык тейлөөгө, жүргүнчү автотранспортто жүрүүнүн
    жеңилдиктерин пайдаланууга;
     — уставда аныкталган таризде жалпы билим берүү уюмун башкарууга
    катышууга;
     — балдар уюмунун ишин уюштурууга жана ага катышууга;
     — инсандык кадыр-баркты урматтоого жана маалымат эркиндигине, өзүнүн
    жеке көз карашын жана ынанымдарын эркин айтууга;
     — жалпы билим берүү уюмунда болууну, анын ичинде күзөт системасын
    уюштуруу аркылуу коопсуздукту камсыздоого;
     — жалпы негизги жана жалпы орто билим берүүнү аяктаганда мамлекеттик
    үлгүдөгү билими жөнүндө документтерин өз учурунда алууга ж.б. укуктуу.
    Окуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
     — жалпы билим берүү уюмунун уставын тутууга жана аткарууга;
     — мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптарынын деңгээлинде
    жалпы билим берүү программаларын өздөштүрүүгө;
     — Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган кыргыз жана башка да
    улуттардын салттарын, жалпы билим берүү уюмунун башка окуучуларынын
    жана кызматкерлеринин ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого;
     — ички тартипти сактоо боюнча жалпы билим берүү уюмунун, анын ичинде
    мектептик кийим талаптарын аткарууга;
     — жалпы билим берүү уюмунун мүлкүнө этиеттик мамиле кылууга милдеттүү.
     Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жана жалпы билим
    берүү уюмунун уставы менен окуучулардын кошумча укуктары жана
    милдеттери аныкталышы мүмкүн.
     43. Жалпы билим берүү уюмундагы тартип окуу процессинин бардык
    катышуучуларын инсандын кадыр-баркын урматтоосунун негизинде жолго
    салынат.
     Окуучуларга карата кара күч, эмоционалдык жана психологиялык
    зомбулукту колдонууга жол берилбейт