Китепкананын фонду
К.Артыкбаев атындагы ЖОББ мектебинин 2022-2023-окуу жылына карата китепкананын иши боюнча маалымат
Китепкананын милдеттери:
— Китеп менен иштѳѳ жѳндѳмүн ѳркүндѳтүү
-Окуучуларда адеп-ахлактык сапаттарды жана мамилелерди калыптандыруу
-Китеп фондун толуктоо жана жумушчу абалда кармап туруу
-Окуу тарбиялоо процессине жана ѳз алдынча билим алууга кѳмѳктѳшүү
-Педогогдорго методикалык жардам кѳрсѳтүү
Китепкана фондунун кѳлѳмү:
Китепкананын китеп фонду-3086 нусканы түзѳт
Колдонууга берилди-1602 китеп
Адабий китептердин саны-914
Мугалимдерге жана окуучуларга китеп берүү карточкалары жаңыланды.Китептерди Август айынын аягында 1-класстан 11-класска чейинки кл.жетекчилерге китеп фондундагы китептер таркатылып берилди.Кл.жетекчилер атайын китепканачы тарабынан берилген китептерди каттоо баракчага каттап,окуучуларга таркатышты.Жетпей калган китептер ата-энелер тарабынан камсыздалды.
Китепкананын активдери шайланды
1.Суракматов Нурель-5-класс
2.Асанова Нурай — 6-класс
3.Медербекова Ажара – 7-класс
4.Акматалыева Сезим — 8-класс
5.Чынгызова Сайкал -9-класс
6.Мавланбек к.Сейил — 10-класс
- Акылбекова Альбина -11-класс
Китептерди эсепке алууну камсыздоо үчүн тѳмѳнкүдѳй иш кагаздары жүргүзүлѳт
-Окуу фондусунун суммалык каттоо китеби;
-Класстар боюнча окуу китептерин берүү журналы;Окуу жылынын башында мектептин бардык окуучулары китеп менен камсыз болушту.Окуучуларга китепке аяр мамиле жасоо,дайыма таза колдонуу жѳнүндѳ эскертилди.Быйылкы окуу жылында 5-6-класстын окуучулары,жаны басылып чыккан окуу китептерине аренда акысы 25 сомдон тѳлѳнѳт.7-класс информатика,физика,8-класс информатика,химия,9-класс информатика китептерине аренда акысы тѳлѳндү.Квитанциялары чогултулду. Окуучулар 81% китеп менен камсыз болушту.Китеп фонду жаңыланып бүттү.
Китепканачы:Касымбекова Э
К.Артыкбаев жалпы орто билим берүүчү мектебинин 2021-2022 окуу жылдын китепкана боюнча жылдык анализи.
Август айында окуу китептерин тартипке келтирип,класс, класстар боюнча бѳлүштүрүп,таратып берүүгѳ даярдалды.
Август айында инвентаризация болуп ѳттү.
Август айынын 25-29 чейин китептер окуучуларга таратылып берилди .
Окуу жылынын башында ар бир окуучу китеп менен камсыз болду.
Биринчи сентябрьга карата «Кыргыз республикасынын эгемендигине 30-жыл» деген темада тарбия саат ѳтүлдү.
15.09.2020 окуу жылынын китептин абалын текшерүү рейди жүргүзүлдү.Китептер капталган ,тыкан таза экен.
Сентябрь айында мектеп китепканасынын активдерин шайлоо чогулушу болуп ѳттү.
1.Асанова Нурай 5-класс
2.Сатаркулова Альмира 6-класс
3.Акматалиева Сезим 7-класс
4.Акшамова Самира 8-класс
5.Маратова Акылай 9-класс
6.Акылбекова Альбина 10-класс
7.Максутова Даяна 11-класс
Октябрь айында «Адамдын турмушундагы китептин ролу»деген темада класс жетекчилер менен китепканачы: Омурова Н.Б. видеоролик жасап, балдарга кѳрсѳтүлдү.
Октябрь айында 5-6 класстын окуучулары китепке аренда банкка тѳлѳштү.
Аренда ѳз убагында тѳлѳнүп районого тапшырылды.
5-класс -20 окуучу.
6-класс -17 окуучу.1окуучу 100% арзандатууга ээ болду.
Китептин арендасы -1 китеп баасы- 25 с
20.10.2020ж. китептердин сакталышы боюнча 1-класстын окуучулары текшерилди
Октябрь айында «Алтын күз» 5-6-7класстар арасында ѳтүлдү.(видеоролик жасалды).
Ноябрь айында «МЕРСИКО» тарабынан Келгиле окуйбуз долбоору боюнча сабактар ѳтүлүп жатты. Китепчелер класс жетекчилерге берилди.
Районодон 8-класска химия 24 китеп , берилди.Печать басылып ,номер коюлуп окуучуларга таратып берилди.
7-класска 26 физика китеби,5-класска 6 кыргыз адабияты, 5 русский язык,5 Кыргызстан жана дүйнѳ тарыхы,ал эми 6-класска 5 кыргыз адабияты,5 русский язык,5 биология районодон берилди.Печать басылып,номер коюлду.
«Банги заттан сак бололу»деген темада видеоролик жасалып окуучулар кѳрүштү.
18.11.2020ж китептердин сакталышы боюнча 1- класс текшерилди.
1-декабрь «СПИД-21-кылымдын чумасы» деген темада видеороликтер жасалды.окуучулар кѳрүштү.
Декабрь айында мугалимдер газетага жазылышты;
Сельская новь-10 шт.
Кут билим сабак -2.шт.
Байчечекей -6 шт.
12-декабрь Ч.Айтматовдун туулган күнүнѳ карата кыргыз тилчилер жана китепканачы биргелешип видеороликтер жасалып,жалпы мектеп ичинде ачык сабак ѳтүлдү
16.12.2020-ж китептердин сакталышы боюнча текшерүү рейди болду.
Декабрь айынын аягында «Жымындайт елка мончогу» деген конкурс болуп ѳттү .
Январь айында 1жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылды .Окуучулардын окуу куралдары кѳзѳмѳлгѳ алынды.Китептердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү.Окуучулардын сыртталбаган китептери аныкталып,класс-жетекчилерге эскертилди.1-10 –класска чейин «Сасык тумоодон сактаналы»деген темада класс жетекчилер тарбия саат ѳтүштү,китепканадан брошюралар берилди.
Февраль айы патриоттук тарбия боюнча айлык жарыяланган .Бул айда ар бир класс ачык тарбия саат ѳтүлдү. «Аскердик патриоттук ырларга»конкурс болуп ѳттү .Китепканадан конкурска акын жазуучулардын китептерин алып пайдаланышты. 22-февраль «Бүткүл дүйнѳлүк тил майрамы «болуп ѳттү.Бул майрамга китепканадан адабий китептер кѳргѳзмѳсү уюштурулду.Бул кѳргѳзмѳдѳ кыргыз адабиятынан тышкары орус жана чет элдин адабияттарынын чыгармалары, жомоктору менен окуучулар таанышышты.
23-февралга карата «Мекен эмнеден башталат?»деген темада сүрѳт кѳргѳзмѳсү уюштурулду жана ар кабинетке бурч уюштурулду. Жеңүүчү балдарга грамота тапшырылды.
«Окуу керемет долбоорунан китепчелер берилди.Китепканачы Касымбекова Э.Т.китепчелерге печать,номер коюп ар бир класстын деңгээлине жараша таратып берди. Китептердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү.
Март айында кѳркѳм адабий чыгармалар боюнча педагогикалык коллектив менен жаны усулдук адабияттар,окуу китептери жѳнүндѳ мугалимдерге китепканачы Касымбекова Э.маалымат берди.Китептердин сакталышы боюнча китепкананын активдери тарабынан рейд жүргүзүлдү.
Апрель айында «Табигый кырсыктан сак бололу»деген тарбия сааттар ѳтүлдү.
23-апрель «Бүткүл дүйнѳлүк китеп күнүнѳ»карата»Китеп билим булагы» деген темада китепканачы: Касымбекова Э.адабий кече ѳттү.Окуучуларга китептин тарыхы,китептин түзүлүшү ,китептин пайдасы,кеңеши,макал-лакаптар,кѳркѳм окуулар ,декламациялар ,окуучулардын сүрѳттѳрү,видеороликтер кѳргѳзүлүп ѳттү.Башталгыч класстын окуучуларына китеп кѳргѳзмѳсү болуп ѳттү.
Зордук-зомбулук боюнча «Ѳзүмдүн коопсуздугум үчүн эмне кылышым керек?» деген темада класстык сааттар болуп ѳттү.
Китептердин сакталышы боюнча рейд жүргүзүлдү.
Май айында 1-майга карата «Иштермандык,биримдик-Мекен тиреги»деген тарбия саат ѳтүлдү.
Улуу Ата-Мекендик согушуна 76-жылдыгына карата ар бир класс жетекчи сабак ѳтүштү.
Окуу китептерин кабыл алуу үчүн график түзүлүп ,мектептин директордун буйругу менен бекитилди.
График
1-класс 3-июнь 12;00-12:30
2-класс 3-июнь 12:30-13:00
3-класс 3-июнь 13:00-13:30
4-класс 3-июнь 13:30-14:00
5-класс 6-июнь 12:00-12:30
6-класс 6-июнь 12:30-13:00
7-класс 7-июнь 12:00-13:00
8-класс 7-июнь 13:00-13:30
9-класс 8-июнь 12:30-13:00
10-класс 8-июнь 13:30-14:00
Китептердин абалы жакшы.
Мектеп директору: Сыдыкова Т.К.
Китепканачы: Касымбекова Э