Мугалимдер күнү менен!
- Кыргыз Республикасынын Гимни ырдалсын.
Жабыркасам жакшы созүн угаарым ,
Жан дүйнөмдү жарык кылган чырагым.
Мүнөшкөрдөй мулдо онорго таптаган,
Мурок сулуу молтурогон булагым.
Кен дуйнонун кереметин уйроткон,
Кен пейилдуу корком адам-мугалим.
Саламатсыздарбы урматтуу биз сыймыктанган эжей, агайлар сиздердин келип турган кесиптик майрамыныздар кут болсун. Акыл ойдогу билимдин туу чокусу мугалим!!! Демекчи сиздерди бүгүн “Мугалим мөмөлүү» аттуу кечебизди ачуу учун сөз кезегин мектебибиздин окуу бөлүм башчысы А. А.Асановага берсек.
“Мугалим – мөмөлүү дарак” демекчи, мугалимдик — илгертен келе жаткан ыйык кесип экени талашсыз. Кылымдар бою педагогика илими муундар алмашса да, замандын агымынан артта калбастан, келечек муунду заманбап билимден, тарбиядан артта калтырбастан, билим берүүнүн өнүгүү процессине тизгиндеш өнүктүрүүгө аракети күч болуп келүүдө.
Билим берүү бүгүнкү күндө дүйнөлүк рейтингдерге теңелүү үчүн жана ички потенциалды өстүрүү үчүн көптөгөн иш-чаралардын үстүндө иштөөдө. Кайсы доордо, кандай кыйынчылыкта болбосун, билим берүү алдыга умтулуу жана келечек муундун артыкчылыгы үчүн күчүн аяган эмес.
Рахмат эжекей сиздин да туйшуктуу иш инизге ийгилик, үй бүлөлүк тынчтык, жүзүнүздөн дайыма жылмаю кетпесин.
Жакын кылып келечектин ыраагын
Жүрөктөргө жылуу маанай сунаарым
Жылдар бою бирге болуп жанында
Жүрөм дагы таркабаган кумарым
Билим берип, гүл өстүргөн көнүлгө
Берекелуу бийик адам — мугалим
Өлкө келечегине өз салымын кошуучу патриот жаштарды тарбиялоо бул сиздердин тандаган эӊ татыктуу ардактуу жана ишиӊиздер экендигин сезе билүү менен сиздерге «К. Артыкбаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинин 10-класстын окуучулары таазим этет.
Анда кечебиздин программалары менен тааныштырып кетсем.
- Доклад
- Декламация жана учкул создор
- Бий
- Интермедия
- Бий
- Тамашоо
- Жеке номер
- Терметип билимине алтын бешик
Келгин деп канчаларга ачып эшик
Үйрөтөөр бул дүйнөнүн көп сырлары
Ушундай бийик татаал мугалимдик кесип
Кезекти доклады 11-класстын алдынкы окуучусу
Билим сенден башталаарын билемин
Жаштарга тиет дайым сенин керегин
Сенин көзуӊ менен көрөм дүйнөнү
Жароокерим жашыл бакчам мугалим
Демекчи кезек декламацияга берсек.
Кыр добону караймын
Бийлеп куунай самсаалап
Башын ийип шамалдарга карагай
Кыздар ойнойт агын суудай дайрадай
Кезек 11-класстардын кыздардын аткаруусунда бий
- Күлкү— күлкү ден соолуктун мүлкү дегендей: дегендей интермедияга берсек.
Мен суу ичпеймин тандай катып турганда
Мен нан жебеймин алдан тайып турганда
Музыкадай мага таттуу суусун жок
Берчи мага берчи мага жарым кашык музыка
Азыркы кезек ырга берсек.
Кел кыргыздын кыздары,
Келгин көӊүл ачалы.
Ырдап бийлеп шаттанып,
Салтанаттуу кеченин
Кызыгына баталы.
Дегендей кезекти бийге берсек.
Билимин үйрөтүп окуткан
Сүттөй ак билемин жүрөгүн
Чарчабай окуткан баарысын
Мугалим сен менин жүрөгүм
Дегендей сиздер бизди келечекке даярдап окутуп сый алган адамсыздар. Дагы бир жолу кесиптик майрамыныздар менен кызуу куттуктап мектебибиздин таланттуу окуучуларыбыздын аткаруусунда тамашооу.
Оболонсун ыр менен конүлүнүз,
Узун болсун ылайым өмүрүнүз.
Күлкү менен шат менен жашарталы,
Жашап турсун өксүгөн коӊүлүӊүз.
Кезек жеке номерге берсек
Илим билим ордосунда иштеген
Мугалимдер, миӊ ыракмат сиздерге
Сиздер салган жолдор менен из менен
Бүткүл дүйнө сыймыктанат бир кезде
Дегендей бүгүнкү «Жароокерим жашыл бакчам мугали» аттуу кечебиздин аягына жетти . Кечебизди жаап берүү үчүн сөз кезегин тарбия иштер бөлүмүнүн башчысы Н.Б Омуровнага берсек.
Көӊүл бурганыӊыздарга чон рахмат.
Комментарии