Жол эрежеси 2021-2022-окуу жылы
Биз ар дайым жол менен бир жактарга барабыз. Кѳздѳгѳн жерибизге коопсуз жетишибиз үчүн,жол эрежелерин билишибиз керек
Жолго чыкканда эң биринчи жолду кара, андагы жагдайды байкоо керек. Жолдо кандай кыймыл болуп жатат жана ошол кыймылга карата жолду улап кетүү керек Светофор-бул жолдун эн башкы күзѳтчүсү. Ал жолдогу кыймылдарды жѳнгѳ салат,иретке келтирип турат.
Кызыл-ТОКТО
Сары-ДАЯРДАН
Жашыл –ѲТΥΥГѲ УРУКСАТ
Жолдогу кыймылды жѳнгѳ салуу үчүн кѳп эрежелер кабыл алынган
Эң биринчи жѳѳ адамдар жүрүүчү жол белгиден баштасак
Зебра-атайын адамдар ѳтүүчү белги орнотулган жер
Аялдама- адамдар киши ташуучу машиналарга түшүүчү токтоочу жай
Ошондой эле кесилиштер экиге бѳлүнѳт
ЖѲНГѲ САЛЫНУУЧУ КЕСИЛИШТЕР-Светофордун же жѳнгѳ салуучунун белгилери менен жол кыймылы жѳнгѳ салынат.
- Кесилиштен ѳтѳѳрдѳ жолдун четине токтоп, маңдайындагы светофордун белгисин кара;
- Биринчи сол жагыңды, андан кийин оң жагынды, кайрадан сол жагыңды карагын;
- Жѳѳ жүргүнчүлѳр үчүн светофордун жашыл түсүн жана унаалардын баарынын токтошун;
- Жашыл күйгѳндѳ гана, жолдон ѳтүүгѳ болот.
ЖѲНГѲ САЛЫНБАГАН КЕСИЛИШТЕ –светофор жана жѳнгѳ салуучу жок болот. Мындай кесилиште жол кыймылы жол белгилери менен жѳнгѳ салынат.
- Кесилиштер ѳтѳѳрдѳ жолдун четине токтоп,биринчи сол жагыңды, андан кийин оң жагыңды,кайрадан сол жагыңды карагын
- Эки жагында тен унаалардын жок болушун карап жолдон от
- Бурулуп жаткан унааларга ѳзгѳчѳ кѳңүл бур
2022-2023-окуу жылы.
Жолдо жүрүүнүн эрежелери
Ар бирибиз жолдо жүрүү эрежесин жакшы билүүгѳ тийишпиз.Кѳчѳдѳ басуу ѳтѳ деле басуу кыйын эмес бирок,шаарда жана айыл кыштактагы кѳчѳлѳрдѳгү автомобилдер,автобус,троллейбустар тынымсыз ары-бери ѳтүп турушун баарыбыз кѳрүп,билип жүрѳбүз.Мына ошол тынымсыз жүргѳн түрдүү машиналардан этият(сак) болууга үйрѳтүү баарыбыздын милдетибиз.
Комментарии